Menu

“Коркут Ата” спектакли эми Түркия мамлекетинде коюлат

Бөлүшүү:

Т.Абдумомунов  атындагы  Кыргыз Улуттук Академиялык драма театры  Кайрат Иманалиевдин калемине таандык  “Коркут Ата” спектакли менен 2017-жылдын 14-майдан  22-майга  чейин Түркия мамлекетинин Мерси, Адана шаарларында өтө турган “III Түрк дүйнөсү” Эл аралык театр фестивалына  аттанышат. Бул туурасында театрдын басма сөз кызматы малымдады.

Театр буга чейин аталган спектакль менен Казакстан республикасынын Чымкент жана Түркстан шаарларында өткөн 2017-жылдын 17-апрелден 22-апрелге чейин  өткөн Ж.Т.Шаниндин 125-жылдык мааракесине арналган түрк тилдүү мамлекеттердин “Театр жазы-2017” Эл аралык фестивалына катышып, бир катар мамлекеттердин арасынан 2-орунду багындырып келишкен.

“Коркут Ата” адамдардын аң-сезимине дүрбөлөң салуучу, оомал-төкмөл дүйнөдө кандай даражадагы адам болбосун акыры өлүм анын эшигин черте турган күн келерин эскертүүчү философиялык чыгарма. Ал “Коркут ата” деген ысымы менен жалпы түрк дүйнөсүнө таанымал, 9-кылымда жашап өткөн даңазалуу кыл кыякчы, дастанчы, күүчү болгон. Коркут жарык дүйнөгө келгенде ааламда алаамат болуп, жер үстүндөгү адамдардын эси чыккан. Коркут жөнөкөй бала эмес, керемет касиети бар, дүйнөгө кут алып келе турган уул катары сүрөттөлөт. Коркут табияттын мыйзамына каршы туруп, эртеби-кечпи келе турган өлүмдөн качууга аракет кылат. Спектаклде ал өзү издеген өлбөстүктү күүгө салып, чыгармаларында түбөлүккө калтырып, өлүмдү акыры жеңгендиги тууралуу баяндалат.

Автору – Кайрат Иманалиев, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер

Режиссеру – Марат Козукеев, КР эмгек сиңирген артисти
Сүрөтчү – Бакыт Тилекматов, А.Арефьев атындагы сыйлыктын лауреаты
Музыкалаштырган – Абды Осмонов
Режиссердун жардамчысы – Э. Жумалиева
Грим – Гүлнара Суранчиева
Группа башчысы – Нарынбү Чекирова
Катышуучулар жана ролдорду аткаруучулар:
Коркут – Болорбек уулу Адыл
Эне – Шайгүл Алсеитова, КРнын эмгек сиңирген ишмери
Периште – Альбина Имашева
Бай – Жылдызбек Касеинов
Бузуку – Канболот Атакан уулу
Кызматчы кыз- Сонун Батырова
Ажал – Данияр Жанжигитов
Көпөс – Арнис Кыдырмышев
Казан – Эржан Осмонов
Ханыша – Сонун Батырова
Дирсе хан – Жеңиш Кангелдиев
Дирсе хандын аялы – Калича Сейдалиева
Букаш – Аскар Качкынбаев
Шумкар – Өмүрбек Израил уулу
Карыя Коркут – Калык Акматов
Көр казган кишилер – Ж.Касеинов
Массовка – Мадина Ниязова, Анвар Осмоналиев

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: