Күтүүсүздөн жүз берген табигый кырсыктан жапа чеккен Өзгөн жана Чоң-Алай райондоундагы мекендештерибиздин кайгы-капасын тең бөлүшкөн Ош мамлекеттик юридикалык институтунун жамааты да жардам колун сунду. Бул туурасында аталган окуу жайдын басма сөз кызматы маалымдады.
Аталган жогорку окуу жайдын ректору юридика илимдеринин кандидаты Эгемберди Токторов баш болгон ректорат, декандар, бөлүмдөрдүн башчылары эки күндүк эмгек акысынын суммасын Өзгөн жана Чоң-Алай райондорунда табигый кырсыктан зыян тарткандарга жардам үчүн ачылган атайын эсебине которушту. Ал эми профессордук-окутуучулар курамы, жардамчы персоналдар айлык маянасынын бир күндүк суммасын ушул эсепке өткөрүп беришти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ