Кечээ 15-май күнү кечинде Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылындагы узундугу 6,5 км. болгон чоң трассаны бойлогон көчөсүнө тартылган жаңы линиялар боюнча электр жарыгы берилди. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы билдирди.
Талас облустук өнүктүрүү фондусуна “Жерүй” алтын кенин иштетүүнүн эсебинен түшкөн 170 млн. сомдук каражаттын эсебинен атайын өткөрүлгөн тендердин негизинде аталган райондун “Өзгөрүш” айылына электр жарыгын тартуу үчүн 2 млн. 276,7 миң сом акча каражаты бөлүнүп, ага көчө бойлото 125 электр мамылары орнотулуп, линиялар тартылып, түнкү жарыктар берилди. Облустук өнүктүрүү фондунун координатору Медер Абдыбаевдин айтуусунда бул долбоорду арзан жана сапаттуу аткарууга бел байлаган “Нуртеңир Монтаж” жоопкерчилиги чектелген ишканасы кыска мөөнөттө аткарып, элдин алкоосуна ээ болду. Айылга жарык берүү иш-чарасына катышкан облустун жетекчиси, облустук өнүктүрүү фондунун администратору Дайыр Кенекеев облуста жарык берүү долбоору боюнча бир топ иштер аткарылып жаткандыгын айыл элине кеңири айтып берди.
Тагыраак айтканда “Жарык айыл” долбоору азыркы учурда Манас районунун Үч-Коргон айылында 1 млн. 877,3 миң сомго, Кара-Буура районунун Шекер айылына 2 млн.685 миң сомго ишке ашырылып жатат. Эмдиги жылы биз 90 жылдыгын белгилөөгө камынып жаткан дүйнөлүк улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун кичи мекени болгон Шекер айылынын элине бул долбоордун ишке ашырылып жаткандыгы жакшы белек болууда. Жарык берүү салтанатына катышышкан облустук ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Чолпонкул Төрөкулов, Өзгөрүш айылынын тургуну, облустун казысы Таалай ажы Бапиев, облустук өнүктүрүү фондунун координаторунун орун басары Эмир Тыныбеков, “Нуртеңир Монтаж” жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси Абдылас Мамыралиев, облустук “Талас Турмушу” гезитинин башкы редактору Козубек Иманкулов айыл элине жарык берүү салтанаты менен куттукташып, өз каалоо-тилектерин айтышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ