Menu

Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы Арабаев Манасбек Матаевич “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пунктунун негизинде ээлеген кызматынан бошотулду.

Бөлүшүү:

Жогорку кызматтагы америкалык аткаминердин айтымында, Акүй Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевди экономика тармагындагы реформаны улантууга жана адам укуктарына байланыштуу абалды жакшыртууга чакыруу ниетинде.

Улуттук коопсуздук кеңешинде Түштүк жана Борбор Азия маселелерин жетектеген Лиза Кёртис автократ Ислам Каримовдун өлүмүнөн кийин бийликке Мирзиёевдин келиши менен Өзбекстан “бир далай жыйынтыктарга жетишти” деп билдирди. Ошентсе дагы америка бийлиги Өзбекстанды адам укуктарынын бузулушу, мажбурлап иштетүү, дин тутуу жана сөз эркиндигиндеги чектөөлөрдү жоюуга чакырат.

“Бул сапар – Мирзиёев кабыл алган реформаларга дем берүү жана тастыктоо мүмкүнчүлүгү”, -деди Кёртес. 16-майда Мирзиёев Акүйдө АКШ президенти Дональд Трамп менен жолугары күтүлүүдө.

Мирзиёев АКШга барууга камданып жатканда, 12-майда төрт жылдан ашуун түрмөдө отурган укук коргоочу Фахриддин Тилляев бошотулду. Акыркы бир нече айда Өзбекстанда андан башка дагы бир нече активист бошотулган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 99 − 98 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: