Бүгүн, 9-октябрда Бишкекте Форумдун имаратынын жанына экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары чогулушту.
Маалыматка ылайык, ал жерде чогулгандардын жалпы саны 1000ге жакын адам.
Алмазбек Атамбаев билдирүү жасоону көздөп жатканы белгилүү болду. Анын тарапкерлери Ала-Тоо аянтына барары пландалууда.
Эске салсак, борбор калаада бешинчи күндөн бери ар кайсы жерлерде митингдер өтүп жатат. Экс-депутат Садыр Жапаровдун тарапташтары Эски аянтта митингге чыгышты. Өмүрбек Бабановдун дагы тарапташтары митингге чыгышат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ