Учурда Казакстанда таажывирус илдети менен 453 адам жабыркап, андан 29 бейтап айыгып, 3 адам көз жумган. Бул тууралуу Казакстандын массалык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда карантин мекемелеринде иштеген 28 дарыгер вирусту жуктуруп алышкан.
Нур- Султан жана Алма-Ата шаарларында жарандарга үйлөрүнөн жумушка же тамак-аш жана дары-дармек сатып алыш үчүн гана көчөгө чыгууга уруксат берилген. Ошондой эле Казакстандагы эки ири шаарда сейил бактар жана суу жээктери сыяктуу жерлер жабылган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ