Жогорку Кеңештин коалициялык көпчүлүгү премьер-министрликке Сапар Исаковдун талапкерлигин карай турганы ачыкталды. Муну божомол-дөдөмөл дебестен айтып жатабыз.
Анткени, Жогорку Кеңештин коалициялык көпчүлүгү премьер-министрликке президенттик аппараттын башчысы Сапар Исаковдун талапкерлигин карай тургандыгын айрым маалымат булактарына 21-августта КСДП фракциясынан депутат Рыскелди Момбеков билдирди. Ал өз сөзүндө “Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков отставкага кеткенден кийин президент Алмазбек Атамбаев жаңы өкмөт курамын бекитүү боюнча коалициялык көпчүлүккө мандат тапшырат. Сапар Исаковдун өкмөт башчылык кызматына бара турганы буга чейин эле ачык айтылып жүргөн. Коалициялык көпчүлүк өкмөт башчылыкка Исаковдун талапкерлигинин тегерегинде карайт. Азыркы учурда премьер-министрликке татыктуу ошол адам десем болот. Башка фракция колдойт болуш керек. Алдын ала макулдашу болгон”,- деди ал. Бул деген бийликти “атамбаевдештирүүбү” же…
Булак: “Майдан.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ