Menu

Баткен облустук сотунда ачык эшик күнү өткөрүлдү

Бөлүшүү:

Ушул жылдын 15-май күнү Баткен облустук сотунда Баткен Мамлекеттик Университетинин Баткен юридикалык-экономикалык колледжинин студенттерине ачык эшик күнү өткөрүлдү. Бул туурасында  Баткен облустук сотунун басма сөз кызматы маалымдады.

Аталган колледждин мугалими Касым Туптилов баштаган студенттер  Баткен облустук сотунун имараты менен таанышуу менен бирге өздөрү кызыктар болгон суроолоруна жоопторду алышты. Алгач студенттер менен Баткен облустук сотунун төрагасы Сайдибаказ Мусаев, төраганын орун басары Зарипбек Аданбаев, облустук соттун судьялары Бостонбай Айжигитов жана Бактияр Алибаевдер студенттерге, сот тармагы боюнча айтып, суроолорго жооп беришти.

Баткен облустук сотунун бөлүм башчысы Шекербек Мамажусупов сотко арыздардын келип түшүүсүнөн баштап, каралып бүткөн ишти архивге тапшырганга чейинки соттун иш жүргүзүүсү менен тааныштырды. Ошондой эле судьялардын жардамчылары жана сот отурумунун катчылары менен маек курушту. Сот отурумунун залы менен таанышышкан студенттер, өздөрүнө жакшы маалыматтарды ала алгандыктарын айтышып,  Баткен облустук сотунда болгон ачык эшик күнүн уюштуруучуларына ыраазычылыктарын билдиришти.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 57 − = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: