Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-майда, Нарын облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Кочкор районунун Кочкор айылындагы мал союучу цехтин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.
Кочкор райондук администрация башчысы-аким Нурлан Керимкулов маалымдагандай, мал союучу цехтин имаратынын курулушу түрк технологиясы боюнча жүргүзүлүүдө жана өз ичине лаборотория, карантиндик борбор жаныбарларды тоюттандыруу боюнча цехти камтыйт.
2017-жылдын аягына чейин атамекендик этти чет өлкөлөргө экспорттоого мүмкүнчүлүк берүүчү эл аралык үлгүдөгү сертификатты алуу пландаштырылууда. Курулушка тартылган инвестициянын жалпы көлөмү 22 млн сомду түзгөн. Мал союучу цехтин ишке кирүүсү менен күнүнө 20 баш ири мүйүздүү жана майда мал-жандыктардын союуга жетишүү күтүлүүдө.
Өкмөт башчы эл аралаык стандарттарга шайкеш келген мал союучу мекемелерди куруу – ЕАЭБ рыногунда ата мекендик фермерлерге түзүлгөн эң бир мыкты шарттардын бири экендигин билдирди.
Андан ары Өкмөт башчы Жумгал районунун Табылгыты айылындагы ветеринардык клиниканын ишмердүүлүгү менен таанышты.
Мамлекеттик администрация башчысы, Жумгал районунун акими Адыл Сапаров маалымдагандай, аталган клиника 2016-жылы АРИС колдоосу менен ишке ашкан. Ветеринардык клиниканын кызматкерлери көчмө лабораториялык иш чараларга катышып, тажрыйба топтошот.
Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, мал чарбачылыгы айыл чарба тармагындагы негизги тармактардын бири андыктан ушул сыяктуу ветерианардык клиникаларды республиканын бардык облустарында кеңейтүү керек.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ