2017-жылдын 19-майында С.Жапаровго КР Кылмыш-жаза кодексинин 30-б. 4-бөл. 227-б. 2-бөл. 1-3-п, 30-б. 4-бөл. 341-б. 2-бөл. 30-б. 4-бөл. 113-б. 2-бөл жана 30-б. 4-бөл. 234-б. 3-бөл. 3-п. боюнча айып коюлуп, тергөө иштери материалдарды карап чыгып, айыптоо жыйынтыгын бекитип жана ишти андан ары сотко өткөрүп берүү үчүн КР Башкы прокуратурасына жиберилди. Бул туурасында МУККнун басма сөз кызматы билдирет.
2017-жылдын 25-мартында С.Жапаров КР МУКК тарабынан кармалып КР Кылмыш-жаза кодексинин 227, 341, 113, 234-беренелери (өлтүрөм деп коркутуу, ээнбаштык, барымтага алуу, жана бийлик өкүлүө күч колдонуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында камакка алынган.
2017-жылдын 26-мартында С.Жапаров жогоруда айтылган беренелер боюнча айып коюлуп, тергөө мөөнөтү аяктаганга чейин Бишкек шаардык №1- убактылуу кармоо жайына кармоо тууралуу баш коргоо чарасы каралган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ