Menu

Сооронбай Жээнбеков Ыйман, адеп жана маданият жылына карата иш чаралардын планынын аткарылышы тууралуу жыйын өткөрдү

Бөлүшүү:

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-майда, ыйман, адеп жана маданият жылына карата иш чаралардын планынын аткарылышы тууралуу жыйын өткөрдү. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Маданият маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков пландын алкагындагы бардык иш чаралар өз убагында ишке ашырылып жатканын маалымдады. Бүгүнкү күндө 32 пункттун 7 толук аткарылып, калганы 2017-жылдык аягына чейин бекитилген план боюнча ишке ашат.

Түгөлбай Казаков жылдын алкагындагы пландарды ишке ашырууга жарандык коом менен коомдук бирикмелердин өкүлдөрү активдүү катышып жатканын билдирди. Ал ошондой эле Өкмөт  башчысынын мурда берген тапшырмасына ылайык бардык мамлекеттик органдар тарабынан Ыйман, адеп жана маданият жылына карата пландар иштелип чыгып, иш жүзүнө ашырылууда.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Өкмөт тарабынан иш чараларды өткөрүүгө каржы маселеси чечилгенин, буга байланыштуу министрликтер менен ведомстволордун жетекчилерине жана жергиликтүү бийлик органдарына тиешелүү чараларды ишке ашырууну тапшырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 + = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: