Menu

Турсунбек Акун “жеңелик” кызматын ийгиликтүү аткара баштады

Бөлүшүү:

Ызы-чуулуу жерге бара калып, “жеңе” сымал ортомчулукту аркалаганга маш укук коргоочу Турсунбек Акун жакында Акүйдүн 7-кабатына көтөрүлүп, ажонун кеңешчиси Икрамжан Илмияновго кирип чыгат. Тукең кырдаалдын курчуп баратканын президенттин көздөй адамына эскертсе, Илмияновдун кабагы бүркөө тарта “эгер референдум биз каалагандай өтпөй, эл Текебаев тарапка ооп кетсе, анда биз ордубузду бошотуп, кете беребиз” таризинде кеп айтканы чынбы? (Икрам ака булардын тамырын тартуу үчүн атайын сөз оюнун кылып коюшу да мүмкүн.) А мындай кабарды жерге калтырбай Турсунбек Акун ыңгайы келген жерден жайып жүрөт. Баса, Башмыйзамды өзгөртүүгө каршылык кылган акыйкатчы Кубат Оторбаев боюнча да ортодо сөз болгондо, “Серый кардинал” кабагым-кашым дебестен “каршылык көрсөткөндөрдүн баарын кызматтан шыпыруудабыз, жакында Оторбаев парламентке отчетко барганда оңкосунан кетет, ал биздин “кара тизмеге” киргизилди” деп да айтыптыр. Өлкөнүн көмүскөдөгү экинчи кожоюну ачууланган соң, Оторбаевден оомат тайды го… Кыскасы, Атамбаев-Текебаев тирешин токтотуу үчүн арачыга түшүмүш эткен Турсунбек Акун Акүйдөгү сырларды чекесинен чубап, биз баалагандай “жеңелик” кызматын көркүнө чыгарып аткандагысы…

Булак: Азия Ньюс

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: