Жаңы шайланган президенттин аппарат башчылыгын Фарид Ниязов жетектөөнү кыялданып, бул боюнча коомчулуктун пикирин түзүүгө жандалбастаганы байкалат. Көпчүлүк билип эле калды го, бул фигуранын терс жактарын, туурабы?
Андыктан, аппарат жетекчилигине Мухамметкалый Абулгазиевдин келиши туура болорун жалпы коллектив да, жогорку башчылар да туура көрүп атышыптыр. Негизи саясат, интрига менен иши жок, өз кызматын жогорку профессионалдуулукта аткарган Мукан мырза бул орунга ылайыктуу болуп турат. Ошондо Сооронбай Жээнбековдун ишмердиги да алдыга шыр кетмек болчу.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ