Түндүк электр тармагы бүгүн өз убагында светтин акысын төлөбөгөн 2,5 миң абоненттин светин өчүрөт. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. 23-майга карыздардын көлөмү 47 миллион сомду чапчыган. Алсак Свердлов району 12 миллион сом карыз болсо, Ленин району 21 миллион сом, Октябрь району эң аз деп 5 миллион сом карыз болсо, Биринчи май району 9 миллион сом карыз экен. Ушундай свет үчүн карызын төлөбөгөн уятсыз абоненттер бар экен. Акылдуу эсептегичтерди коюп, электр тармагынын кызматкерлерине жеңил болуп калды. Мурун светин өчүрүү үчүн контролер барып столбага чыгып зымын кыркып кетчү эле. Азыр болсо эч кандай контролеру жок эле, компьютердин жардамы менен ишкананын ичинен эле өчүрүп коюшат. 21 -кылым деп ушуну айт.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ