Menu

Өзгөндөгү “Имам Аль Бухарий” Ислам институтунун студенттеринин окуу курсун бүтүрүү  аземи болуп өттү

Бөлүшүү:

Бүгүн, 23-май күнү Өзгөн районунун Мырзаке айылындагы  “Имам Аль Бухарий” Ислам институтунун жана «Абдираим кары» медресесинин жогорку курсунун студенттеринин бүтүрүү  аземи болуп өттү. Бул туурасында Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы билдирет.

Аталган иш-чарага Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, казыяттын аялдар менен иштөө адиси Жамила Жапашова, Кыргыз Республикасынын ардактуу атуулу Окошоев Токтогул ажы, аталган институттун ректору  Абдырахман кары Атабаев, жалпы окутуучулар, студенттер жана алардын ата-энелери катышышты.

Иш-чара ыйык Курани Карим окуу менен башталды жана институттун ректору Абдырахман кары Атабаев “Имам Аль Бухарий” Ислам институтунун, «Абдираим кары» медресесинин жана алардын кыздар бөлүмдөрүндө аткарылып жаткан алгылыктуу иштер жана ийгилик коштогон жетишкендиктер менен кеңири тааныштырып, жалпы конокторго маалымат берди.

Андан соң, Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев жалпы бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, алардын алган билимдеринин элге жана мамлекетке пайдалуу болуусуна тилектеш экендигин билдирип, окуу жайдын эмгек жамаатынын ишине ийгилик каалады.

2017-жыл “Ыйман, адеп жана маданият” жылына карата жыл башында жарыяланган сынактын жыйынтыгынын негизинде окутуучулар арасында эң мыкты жетишкендиктери жана билим берүүдөгү үзүрлүү эмгеги үчүн “Мыкты мударрис” наамындагы Алкыш баракчасы менен окуу жайдын мугалимдери Токтобай Маматов жана Бактыгуль Абдираимовалар  сыйланышты. Ошондой эле студенттер арасында жарыяланган “Адептүү студент”, “Ыймандуу студент”, “Маданияттуу студент” жана “Жигердүү студент” наамдары менен мыкты деп табылган студенттер сыйланышты. Иш-чаранын соңунда студенттер келген конокторго өздөрүнүн алган билимдери менен бөлүшүп, 7 тилде саламдашуу маданиятын көрсөтүштү. Мындай саамалыкка күбө болгон ата-энелер окуу жай жетекчилигине ыраазычылык билдиришти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 80 + = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: