Menu

Тиешелүү жол инфраструктуралык жабдууларды орнотуу үчүн жол боюнчагы мектептердин картасы түзүлдү

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн билдиришине таянсак, Ички иштер министрлиги тарабынан жүргүзүлгөн иликтөөлөргө ылайык, республика боюнча 547 мектеп унаа өтүүчү жол боюнда жайгашкандыгы аныкталды. Бул объекттер боюнча балдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында бардык керектүү болгон жол белгилери орнотулат. Бул тууралуу ИИМ патрулдук милиция башкы башкармалыгынын башчысы Эркин Баев бүгүн, 23-майда, «Жол коопсуздугун камсыз кылуу чаралары» тууралуу маалымат жыйында билдирди.

Жол кырсыктарынын алдын алуу жана эскертүү максатында республика боюнча бардык мамлекеттик, эл аралык, жергиликтүү маанидеги жана шаар айыл пункттарынын ичиндеги жолдор текшерүүдөн өттү. Жыйынтыгында 300 авариялык-кооптуу абалдагы жолдор аныкталып, жокко чыгарылды.

Көчөлөрдө  талапка жооп бербеген 2969 жол кесилиштери аныкталып, мамлекеттик органдарга, аларды колдонуудан четтетүү боюнча буйруктарды жана көрсөтмөлөрдү даярдоо иштери тапшырылды.

Жол кырсыктарынын алдын алуу жана эскертүү чараларын көрүүдө өзгөчө жашы жете элек балдардын катышуусунда болгон жол кырсыктарына көңүл бурулууда.

Бул максатта Ички иштер министрлиги менен Билим берүү жана илим министрлигинде балдардын жаракат алуусун азайтуу жана кырсыктардын алдын алуу боюнча  комплекстүү иш чаралар өткөрүлүүдө.

Тактап айтканда, республикадагы 2238 жалпы билим берүү мекемелерине атайын ИИМ кызматкерлери бекитилген. Алар эртең менен, түшкүсүн жана кечке маал окуучулардын үйдөн мектепке-мектептен үйгө чейинки коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүдө. Мындан сырткары жооптуу кызматкерлер укуктук билимди жогорулатуу багытында сабактарды өтүшөт.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдын 16-майында балдардын жол коопсуздугун камсыз кылуу жана жол кырсыктарынан алдын алуу боюнча жумушчу жыйын өткөргөн. Жыйында республика боюнча бардык жол боюнчадагы мектептерди жол коопсуздугуна тиешелүү болгон жабдуулар менен камсыз кылуу, жол чырактарын жана ылдамдыкты азайтуучу жол тосмолорун орнотууну камсыз кылуу боюнча  тапшырмалар берилген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: