«Бир Бол» фракциясынан депутат, генерал Элмурза Сатыбалдиевдин бир тууган бажасы Бактыбек Турусбеков өткөн аптада сенсация жаратып койду. Ал Тоң районунун Кара-Талаа айылынан күнгөй жээкти көздөй 14 км аралыкты сүзүп өткөн (убагында легендага айланга тору айгыр дал ушундай рекордду жаратып, Ысык-Көлдү багындырган болчу). Учурда 54 жаштагы Бактыбек мырзанын эрдиги көпчүлүктү таңгалдырып, шыктандырып да салды. Буга чейин «Бир Болдогу» депутаттардын улам бирине коррупция жарлыгы менен кылмыш иштери козголуп келсе, бу саам кеп башка, фракция эми Турусбековду туу кылып көтөрүп, сыймыктанса болот!
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ