Menu

Видео – Шереметьеводо күйүп кеткен самолеттун ичинде болгон ызы-чуу видеого түшүп калган

Бөлүшүү:

Кечээ, 5-майда Москванын Шереметьево эл аралык аэропортунда күйүп кеткен “Superjet 100” cамолетунун ичинде болгон жүргүнчүлөрдүн ызы-чуусун аман калган жүргүнчүлөрдүн бири телефонунун видеокамерасына тартып алган.

Эсиңиздерге сала кетсек, кечээ кечинде Москва-Мурманск авиакаттамы менен учуп чыккан Аэрофлот авиакомпаниясынын Superjet 100 самолету Шереметово аэропортунан учуп чыккандан кийин кыймылдаткычы күйө баштап, кайра конууга аргасыз болгон. Натыйжада самолеттун ичиндеги 78 адамдын 41и каза болушуп, 37 гана жаран куткарылган.

Аман калгандардын айтымында, алдыңкы катардагы жүргүнчүлөр кол жүктөрүн издешип, буйдалып, арткы катардагылардын сыртка чыгып кетүүсүнө тоскоол болушкан. Эгер алдыңкы катардыгылар буйдалбаганда дагы көп кишинин өмүрү сакталмак эле дешет.

https://www.youtube.com/watch?v=LCyBZU7uGSY

Булак: KyrgyzToday.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 75 = 80

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: