Menu

Эдил Байсалов, коомдук ишмер: “КСДПнын саясий кеңеши карапайым катмарды эске албай, жеңишти Сооронбайга ыйгарып коюшу- чийки чечим болуп калды!”

Бөлүшүү:

– Эдил мырза, эмне себептен бийлик партиясы Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигине токтолду?

– КСДП кыйналып жатып, бир лидерге токтолду деп дагы айта албайбыз. Анткени, азыркы күнгө чейин бул маалыматты расмий эч ким жарыялаган жок. Өздөрүнө өздөрү ишенбей турушат, чоочулагансып. Экинчиден, Сооронбай Шариповичке каршы ачыктан эле спикер Чыныбай Турсунбеков менен фракция жетекчиси Иса Өмүркулов альтернативдүү талапкер болуу даярдыгын жарыялашты. Бул ар кандай эле партияда боло турган табигый көрүнүш, бирок КСДПда бул маселе жакшы талкууланбастан, калың катмар партия мүчөлөрүн катыштырбастан эле жабык эшик артында жеңишти Сооронбайга ыйгарып коюшту. Бул чоң ката жана чийки чечим болуп калды! Партиянын 100 пайызы эмес, эртен шайлоодо 20%ы эле иштеп калышы мүмкүн азыркы премьер үчүн. КСДПда деги лидер токтобойт. Эсиңизде болсо, 2010-жылы тизмесин Исмаил Исаков жетектеген. Былтыр Чыныбай Турсунбеков болду. Бирок, баары бир, премьер-министрлери башка жактан чыгып атты: Жантөрө Сатыбалдиев же Темир Сариев сыяктуу. Партиянын ичинде даяр, Төрөбаевдин калибринен кем эмес лидерлерден он чакты болуп турса дагы, Атамбаев жаңы жетекчилердин муунун тарбиялаган жок. Баягы эски досу Сооронбайды чыгармай болду. Ошентип өзүнүн шайлоо убадасы жана жакында Брюсселде “баардыгын алып кетем” деген сөзү калп болуп чыкты! Эми регионалдык маселеге келген болсок, биринчиден, ушул “түштүк-түндүк” деген бул оорудан кутулуп аткан чагыбыз. Кара-Кулжа менен Кара-Суу же Лейлек менен Кетмен-Төбө сырттан эле бирөөгө коендой окшош көрүнөт. Ал жерде ар кандай, бирок Ак-Суу менен Ат-Башынын эле тургундарындай эле жашообуз оңолсо экен деген тилектей, азыр “мыкты лидер келсе экен” деп кыргыздын жүрөгү бирдей согуп атат. Сырттан келген политтехнологдор, анан ортобуздагы бузукулар регионализм же трайбализмдин туусун көтөрө турган болушса, ошол замат камалышы керек деген ойдомун. Мындан өткөн чыккынчылык жок! Миллиондогон элибиз азыр мурунку отурукташкан коктулардан чыгып, дүйнө жүзүнө жайылды, алакандай бир элбиз, азыркы элибиз далай эле көз карашын өзгөртүп, улуттун балачак оорусунан айыктык десем болот. Ал эми, ошол жеткен трайбалист кээ бирөөлөр “кезек кезеги менен болуш керек” деп атышат. “Атамбаевден кийин сөзсүз тоонун аркы бетинен чыгыш керек”- деп. Аларга ошол эле Алмазбек Шаршен уулунун сөзү менен жооп бериш керек. Атамбаев – “мен Баткендикмин” деп айтканы бар. Ошентип Жалалабаддык Бакиевтен кийин баткендик Атамбаев болду десек болот!

Мына Эр-Риядда Дональд Трамп менен бүт мусульман мамлекеттердин жетекчилери жолугушту. Ошол жерде 54 падыша, президент жана премьер-министр болду. Түркиядан эле Эрдоган өзү келген жок. Анткени, ал 2 кун мурун эле Вашингтондон келди, бүгүн болсо партиянын съезди болуп атат. Анын ордуна министр Чавушоглу катышты. Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан президенттери барды. Эми ушул 55 мамлекет башчынын арасында Кыргызстандын атынан премьер-министрдин орун басары Абулгазиев катышты. Дагы жакшы Панкратовту жөнөтүшкөн жок. Мына биз дайыма “ыраа көрбөйт” деп айтканыбыздын мисалы. Ушул жыйынга Сооронбай Жээнбеков катышса, Сауд королу менен саламдашып, ошол жыйындагы Назарбаев менен Мирзиёевдер менен чогуу болсо, мындан КСДП утмак да туурабы? Аны болсо аякка жөнөтүшкөн жок. Анткени, КСДПнын катары бир эмес, булар толук кандуу деле колдошпойт анын талапкерлигин.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 + = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: