Menu

Жалал-Абадда шайлоого катышып жаткан беш саясий партияга эскертүүлөр берилди

Бөлүшүү:

Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жөнүндө мыйзамында көрсөтүлгөн тартипке ылайык, Жалал-Абад шаарындагы жергиликтүү кеңештин шайлоосуна катышып жаткан саясий партиялардын жарыя, көрнөк-жарнактарын илүүдө кетирген катачылыктары, жарнак илинген жайлардын ээлеринин уруксаты жок жана мыйзам жол бербеген коомдук жайларга илгенине байланыштуу “Өнүгүү-Прогресс”, КСДП, “Мекеним Кыргызстан” жана “Ата-Журт” саясий партияларына эскертүүлөр берилди. Бул туурасында шаардык мэриядан маалымдашты.

-Ошондой каржы маселелери боюнча берилип, шайлоого катышып жаткан саясий партиялардын шайлоо фондуна келип түшкөн каражаттар жана каржы чыгымдарынын отчёту өз учурунда аймактык шайлоо комиссиясына берилбегендиги да эске алынды. Буга байланыштуу “Өнүгүү-Прогресс”, “Кыргызстан”, “Ата-Журт”, “Бүтүн-Кыргызстан” жана “Республика” саясий партияларына эскертүүлөр берилди, – дейт Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын төрайымы Бариса Турдубаева.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: