Menu

Өзбекстандык ырчы Ситорага кыргыз жарандыгын берүүнү сунушташууда

Бөлүшүү:

Социалдык тармактардын колдонуучулары шайырлар жана тапкычтар клубунда (КВН) ойногон «Азия MIX» командасынын мүчөсү, өзбек ырчысы Ситора Фармонованы колдоо акциясын өткөрүп, кыргыз атуулдугун берүүнү сунушташууда.

«Урматтуу мекендештер, келгиле, «Азия MIX» командасынын катышуучусу Ситора Фармонованы бирге колдоп берели. Биздин командабыз жакында эле «Голосящий КиВиН» фестивалын жеңип алды. Ситорага Кыргыз Республикасынын жарандыгын сунуштоо керек деп эсептейм. Урматтуу Алмазбек Шаршенович, ага КР атуулдугун сунуштоону өтүнөм», – деп активист Темирлан Аскеров жазып чыкты.

Өзбекстандын «Өзбекнаво» мамлекеттик уюму ырчы менен түзүлгөн келишимде көрсөтүлгөн талаптар такай бузулганы айтып, Ситора Фармонованын лицензиясын жокко чыгарып койду. Муну менен ага Өзбекстанда чыгармачылык менен алектенүүгө тыюу салынды.

Учурда өзбекстандык социалдык тармак колдонуучулары актрисанын КВН сахнасындагы азилдерин талкуулашып, анын сөздөрү өзбектерди мазактоо экенин айтып, сындап жатышат. Андан тышкары КВНге Кыргызстандын атынан чыгып жүргөнүнө да айрым кишилер нааразы.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 − = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: