Бүгүн, 25-майда Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Баатырбеков (“Кыргызстан” фракциясынын лидери), Абдывахаб Нурбаев (КСДП) жана Жанарбек Акаев Кыргызстандагы Улуу Британиянын элчилигине барып, Манчестер шаарындагы “Манчестер-арена” концерттик залындагы жардыруудан бейкүнөө каза болгондорго карата көңүл айтуу китепчесине кол жазмаларын калтырышты. Бул туурасында Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин бөлүмүнөн билдиришти.
Эл өкүлдөрү бул террористтик кол салуу дүйнө коомчулугу тарабынан, анын ичинде кыргыз эли тарабынан дагы айыпталып жатканын белгилешти. Депутаттар жардырууда каза болгондордун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, жаракат алгандардын тез арада сакайып кетишин тилешти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ