Menu

Тажикстанда 14 жаштагы окуучу 7 жаштагы кызды зордуктоо окуясынан кийин мектеп директорлору иштен алынды

Бөлүшүү:

Гиссар районунда 14 жаштагы окуучу 7 жаштагы кызды зордуктоого шектелгенден кийин өспүрүм окуган мектептин директору кызматтан алынды.

Аны менен кошо зордуктоого кабылды делген кыз окуган мектептин директору дагы жумуштан бошотулду. “Мындай жаман окуядан кийин директор болуп иштөөнүн маңызы жок”, – деди мектеп директору Махмадраджаб Шоев.

Ал ортодо өз булактар Махмадраджаб Шоев райондук билим берүү бөлүмүнүн буйругунун негизинде иштен алынганын айтышууда.

Гиссар шаарынын тергөөчүлөрү 7 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча маалыматты иликтөөдө.

Шектүү он күндөн кийин – жаш кыздын ата-энеси милицияга кайрылган соң суракка алынган. Кылмышты жаап-жашырууга шектелген дагы бир өспүрүм көрсөтмө берүүдө.

Кыздын ата-энеси 8-июнда кошуна бала аны үйүнө алдап чакырып, зордуктап салганын билдиришүүдө.

“Зордуктагандан кийин бала анын алкымына бычак такап, “кимдир бирөөнө айтсаң, өлтүрөм” деп коркутуптур. Андыктан окуя болгон күнү кызыбыз эч нерсе айткан эмес”,- деди кыздын чоң апасы Ниёзбон Жабборова. Кийинки күнү кыздын ичи катуу ооруп, кошуна бала зордуктап койгонун мойнуна алган.

Медициналык экспертиза жүргүзүлүп, зордуктоо болгону аныкталды.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: