Menu

Мультимиллардер Атамбаев заматта кедей болуп чыга келди!

Бөлүшүү:

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадырбек Атамбаев Башкы прокуратуранын анын атасына жана жакындарына тиешелүү камакка алынган 120 мүлк боюнча маалыматын “элди адаштыруу жана фейк” деп баалады.

“Фейсбуктагы” баракчасына: “- Алмазбек Шаршеновичке жана анын үй-бүлөсүнө таандык делген 120 мүлк боюнча кайрылуу жасап коёюн. Биздин үй-бүлөбүзгө жазылган мүлк бизге тиешелүү эмес. Массалык маалымат каражаттарына жарыяланган фейк маалыматтарды бийликтин кара пиары деп эсептейбиз”- деп жазды.

Башкы прокуратура 16-августта Алмазбек Атамбаевдин камакка алынган 120 мүлкү деген тизмени жарыялаган.

Анда Атамбаевге жана анын аялына, “Кыргызавтомашка”, “Апрель-ТВ” жабык акционердик коомдоруна тийиштүү деген банк уячалары камакка коюлганы көрсөтүлгөн. Башкы көзөмөл орган тараткан маалыматка караганда, беш автоунаа, төрт жер тилкеси (алардын экөө Кой-Ташта, Аламүдүн жана Ысык-Ата райондорунда), Кой-Таштагы ден соолукту чыңдоо борбору, турак үй, Арашандагы жайыт, Кой-Таш жана Арашанда көп жылдык дарактар отургузулган үч жер тилкеси мурдагы президентке караштуу экени аныкталды. Ушунун бардыгына жана Раиса Атамбаевага караштуу үч машине, батир жана Бишкектеги жеке менчик үй камакка коюлду.

Камакка алынгандардын арасында “Кыргызавтомаштын” мүлкү, Жал кичи районундагы көп кабаттуу үй, ушул эле райондогу 18 батир, Ибраимов көчөсүндөгү үч батир, Матросов көчөсүндөгү киши жашабаган 39 имарат, ушул эле көчөдөгү жер тилкелери, соода үйү, дүкөн, кеңсе, темир жолу жана Матросов көчөсүндөгү резервуар, 18 цех, 9 кампа бар.

АШАнын бир туугандары, балдарынын, аялынын жарашса, жарашпаса да актанып, жанын жеп жатканын туура түшүнүү керек, себеби, алардын алтын доору аягына чыгып жатат. Мурда ушундай жол менен канча адамга кыянатчылык кылып келишсе, табалаган эмес, тобоо, ошонун баары өз башына муш болуп тийип, кайтып келүүдө. Мына ушул эле АША кечээ мультимиллиардер экенин жарс алып жүрбөдү беле! Эми эле эч нерсеси жок кедей болуп калышканын кара… Эч ким ишенбейт!

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 36 − = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: