Menu

КСДПчы депутат Мурадил Мадеминовдун кызынын билими күчтүүбү же атасыбы?

Бөлүшүү:

Эгемендүүлүккө ээ болгон жылдардын башында Аскар Акаев ар кыл программалар менен кыргыз жаштарын чет өлкөдө окутуу боюнча ар кыл программаларды кабыл алган. Эгер ошондогу сөздөргө ишенсек, чет өлкөлөрдөн кыргыз жаштары окуп келсе алар өлкөнү өргө сүйрөп, кыска мөөнөттө Кыргызстанды өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошушмак. Байоо кыргыз эли Швейцария сыяктуу буга да ишенген. Андан бери миңдеген жаштар чет өлкөдөн окуду. Мезгил 30 жылга чукулдап калса да ошол чет өлкөдөн окуп келген жаштардын бири да Кыргызстанга келип сыйкырчылык көрсөтө албады. Корсө, биздеги билим тармагы чү деген эле жерден коррупцияга белчесинен батып, паракорлуктун сормо сазына батып калган экен. Жакында ЖК депутаты Жанар Акаев Венгрияда окуу үчүн гранттык орундарга эч бир эреже, жоболор сакталбай жең ичинен чиновниктердин балдары ж.б. жөнөтүлүп жатканын билдирди. Анын айтуусу боюнча Кыргызстанда дайыма чет өлкөлөрдүн жогорку окуу жайларына бөлүнгөн гранттык орундар сатылып келген. Кызы Венгрияга окууга өткөн Мурадыл Мадеминов менен башкалардын сөзү эки ача чыгып жатса, ал депутат «менин кызым онлайн шартында венгер мугалимдерине экзамен берип окууга өттү» деп жатат. Өтсө өткөндүр, бирок ошол чоңдордун «отличник» балдарын телеканалдар аркылуу эл алдына алып чыгып, билим деңгээлин текшерсек баары айкын ачык болмок. Болбосо аткаминерлер менин балам «отличник» болчу деп кутулуп жатышат.

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: