Menu

Өзбекстандан 161 млн. долларга жашылча-жемиш сатып алдык

Бөлүшүү:

Эски бийликтин тушунда Өзбекстан менен чек арабыз ачылып, Казакстан тарап жабылганда калпагыбызды көккө ыргытып сүйүнгөн болчубуз. Бирок ошондо эле айрым эксперттер бул кадамдын арты өлкөбүздүн экономикасы үчүн терс көрсөткүчтөрдү жаратарын эскертишкен. Ошондон көп өтпөй түштүк облусттарды, ал тургай Чүй аймагы менен Бишкекти ала допу мандикерлер таракандай эле каптап кетип, ансыз деле кризистик чекке жеткен жумушсуздук көйгөйү ого бетер күчөгөн. Натыйжада Россия, Казакстан жана башка чет өлкөлөргө иш издеп кеткен кыргызстандыктардын катары азайбай эле, көбөйгөн.

Чек аралардын ачылышы экономиканын айыл чарба тармагына да болуп көрбөгөндөй сокку урууда. Мисалы, Кыргызстан ушул жылдын 5 ай аралыгында Өзбекстандан 161 млн. долларга жашылча-жемиш сатып алгандыгын Өзбекстандын Мамлекеттик статистика комитети билдирди.

Алардын маалыматына ылайык, Кыргызстан беш айдын жыйынтыгы менен жашылча-жемиш сатып алган өлкөлөрдүн арасында алдыңкы орунга чыккан.

Январь-май айы арасында Кыргызстан 34,6 миң тонна жашылча-жемиш сатып алган. Ал эми өткөн жылдын беш айында Кыргызстанга 22,4 млн. долларга 20,7 миң тонна жашылча-жемиш алынган.

Ал эми кошуна Казакстанга 107 млн. долларга экспорт жасалган (экинчи орунда турат). Өткөн жылдын беш айында Казакстан Өзбекстандан сатып алган жашыл-жемиштерге 144,7 млн. доллар сарптаган.

Албетте, элге арзан жашылча-жемиш сатылгандыгы, арзан баада иштеп берген жумушчу эмгеги жакшы деңизчи. Бирок биздин бажы, чек ара, салык жана миграция кызматтары мамлекетти да ойлоп, чек арадан өткөн товарлар менен мигранттардын эсебин алып, тиешелүү төлөмдөрдү төлөтүп турса, бюджеттин какшыган капчыгы да толуп, маяна, пенсия болот эле го.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: