Астана мунай өндүрүүнү азайтуу боюнча келишимдин узартылышын кубаттайт. Бул тууралуу Казакстандын Энергетика министрлиги билдирди.
Маалыматтарга караганда, Казакстан бул келишим боюнча мунай казуунун күнүмдүк көлөмүн 20 миң баррелге азайтат.
“Казакстан буга чейин ОПЕКтин алдындагы милдеттенмелерин аткарып келген. Өлкөдө бир суткада орто эсеп менен 1,673 миң баррель мунай өндүрүлүүдө жана акыркы эки айда бираз өсүш болду. Май-июнда өндүрүш көлөмү азайып, жалпысынан жарым жылдыкта милдеттенме толугу менен аткарылат”, – деп айтылат министрликтин маалыматында.
Бейшембиде ОПЕК жана мунай өндүргөн бирок ага мүчө эмес башка өлкөлөр өндүрүштүн көлөмүн кыскартуу боюнча буга чейинки келишимди тогуз айга узартууга макулдашкан. Ага ылайык, жалпы мунай көлөмү 1,8 миллион баррелге азайды жана мындай ыргак келерки жылдын март айына чейин созулат.
Жаңы макулдашуу жарыялангандан кийин мунайдын баасы төмөндөдү.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ