Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу сот адилеттигинин Жогорку мектеби «Кыргыз Республикасында мыйзам үстөмдүгүн бекемдөөгө колдоо көрсөтүү» Европа Биримдигинин долбоору менен биргеликте 2017-жылдын 29-30-майында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларына судьялык этика маселелери, кесиптик этика жана деонтология боюнча семинар өткөрүүдө. Бул туурасында Жогорку соттун басма сөз кызматы маалымдады.
Семинардын максаты – этикалык жүрүм-турум эрежелерин колдонуу боюнча Франция жана Кыргызстандын судьяларынын ортосунда тажрыйба алмашуу.
Иш-чараны расмий түрдө КР Жогорку сотуна караштуу сот адилеттигинин Жогорку мектебинин Окуу-усулдук бөлүмүнүн башчысы Канайым Кушназарова жана Европа Биримдигинин “Кыргыз Республикасында мыйзам үстөмдүгүн бекемдөөгө колдоо көрсөтүү” долбоорунун негизги эксперти Радость Тофтисова-Матерон ачышты.
Иш-чаранын тренерлери Жан-Мари Юе – отставкадагы магистрат, Франциянын магистратурасынын Жогорку кеңешинин мүчөсү жана Калыгул Салиев – Ош областык сотунун судьясы.
Семинардын ишине Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун 20 судьясы катышууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ