Menu

Орунбек Чондоев: “КСДПчы Мирбек Асанакунов профсоюздардын түбүнө жеткени калды”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 30 май күнү профсоюздук активисттер маалымат жыйында, Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын жетекчилигин катуу сынга алышты. Катышуучуларынын бири, Орунбек Чондоев уюмдун төрагасы, КСДП мүчөсү, Ысык-Көл облусунун экс-губернатору Мирбек Асанакуновдун ишмердүүлүгүнө даттанды. Анын айтканы боюнча, — “Мирбек Асанакунов профсоюздар уюмуна мыйзамсыз келген, ал “десантник”, андайларды биз Бакиевдин заманында дагы көргөнбүз.  Профсоюздар уюмун жетекчилигине  шайлоо аркылуу келет, төрага 5 жылдан кем эмес шайланган профсоюздук кызматта болуусу абзел. Ал эми Асанакунов болсо буга чейин профсоюздарга эч тиешеси жок адам, аны жогору жактан дайындашты”, деди Орунбек Чондоев.

“Мирбек Асанакуновдун жетекчилигинин алдында профсоюздар Федерациясы ачык иштебей калды, жеке кызыкчылыктар үстөмдүк кылууда, бул болсо профсоюздун пайдубалын түп-тамыры менен талкалууда. Жеке маселелери рейдердик жол менен чечилип жатат, Эмне болуп жатат профсоюздарда, бул ыплас иштердин артында ким турат, ким дирижёр болуп жатканын өзүңөр деле түшүнсөңөр болот, ким ага андай укуктарды берди”, деп суроо берип, кошумчалады профсоюз мүчөсү Чондоев.

Эсиңерге салсак, Мирбек Асанакунов КСДП мүчөсү, жубайы КСДП фракциясынын парламентте депутаты, 2 жолу губернатор кызматында иштеген жана ЖК 4чакырылышындагы депутат. Такталбаган маалыматтарга таянсак, ал президент Алмазбек Атамбаевдин аялы Раиса Атамбаева менен жылуу мамиледе.

Булак: “Искра”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 32 = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: