Menu

УИАда “Рахматулин-Ормонбеков окуулары” өтүүдө

Бөлүшүү:

Кыргыз Улуттук илимдер академиясында  “Рахматулин-Ормонбеков окуулары” Эл аралык илимий конференциясы өтүүдө. Иш-чаранын максаты өлкөнүн дүйнөлүк илимий коомчулуктагы интеграциясын жана эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталат. Бул туурасында академиянын басма сөз кызматы маалымдайт.

Конференцияга УИАнын окумуштуулары, Россия илимдер академиясынын П.Ширшов атындагы  Океанология институту, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик Техникалык университети, Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик Курулуш, транспорт жана архитектура университети,  Эл аралык Инновациялык технологиялар университети, М.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин Толкундуу жана газ динамикасы  Кафедрасы жана  Х. Рахматулин жана Т.Ормонбеков атындагы Эл аралык илимий фонду катышууда.

Иш-чараны УИАнын президентинин милдетин аткаруучу Мурат Жуматаев салтанаттуу түрдө ачып жатып, “Рахматулин-Ормонбеков окууларынын” өлкөнүн илимий жааты үчүн болгон маанисине токтолуп, чыгаан окумуштуулардын бир канча муун колдоно ала тургандай изилдөөлөрүнүн баалуулугу жөнүндө айтып өттү.

Ал эми Х.Рахматулиндин жакынкы шакирттеринин бири, Россия илимдер академиясынын академиги Р.Нигматулин илимий докладын окуп жатып төмөнкүлөргө токтолду:

“Кыргыз улуттук илимдер академиясы жана Москва мамлекеттик университети окумуштууну унутта калтырбай эскерип жатканына мен абдан кубанычтамын. Чыгаан инсандын калтырган мурасын улантуу бизди мындан дагы жакшы жолдорго алып барат” – деди окумштуу.

“Рахматулин менен Ормонбековдун изилдөөлөрү Борбордук Азия өлкөлөрүнүн, Россиянын жана башка КМШ мамлекеттеринин жетишкен ийлигиктеринин, учурдагы топтолгон байлыгынын башаты болуп эсептелинет” – деди академик Кубанычбек Жумалиев.

Конференциянын жүрүшүндө пленардык отурумдарга орун берилип, Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары менен чет элдик көрүнүктүү илимпоздор докладдарын окушту.

Иш-чара УИАнын Ж.Жеенбаев атындагы Физико-техникалык маселелер жана материал таануу институтунун демилгеси менен уюштурулган. Ал эртең И.Раззаков атындагы КМТУнун Токмок шаарындагы Х.А.Рахматулин атындагы филиалында улантылат.

РАХМАТУЛИН Халил Ахмедович – белгилүү окумуштуу, академик, таланттуу педагог жана илимдин уюштуруучусу, Социалисттик эмгектин баатыры, Мамлекеттик сыйлыктардын лауреаты жана механиканын ар кыл тармагындагы динамикалык проблемалардын фундаменталдык изилдөөлөрүнүн автору. Окумуштуу тарабынан серпилгич жана серпилгич пластикалык толкундардын таралуусунун теориясы, газдан таралуучу жарылуу толкундарынын дифракциясы, өткөргүч органдын динамикасы менен парашюттун теориясы, топурактын динамикасы, бир нече компетенттүү кыймылдын чөйрөсү сыяктуу, химиялык технология жаатында илимий жана прикладдык мааниси бар фундаменталдык натыйжалар иштелип чыккан.

ОРМОНБЕКОВ Тынымбек Ормонбекович –  техника илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын илимине жана техникасына эмгегин сиңирген ишмер, КРнын техника жана илим жаатындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, УИАнын корреспондент-мүчөсү, КРнын Инженердик академиясынын академиги, Эл аралык инженердик академиясынын академиги, Нью-Йорк академиясынын анык мүчөсү, экинчи класстагы мамлекеттик кеңешчи, Эл аралык Инновациялык технологиялар университетинин биринчи президенти болгон инсан. Ошондой эле илим-изилдөө методдору жемиштүүлүгү менен айырмаланган, терең идеялары менен башкалардан өзгөчөлөнгөн, механика жаатындагы фундаменталдуу изилдөөлөрдүн автору.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 7 = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: