Menu

Алмазбек Атамбаев өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алды

Бөлүшүү:

Атамбаев бүгүн, 8-июнда өлкөбүздүн өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алды. Бул туурасында Президенттин маалыматтык-саясат бөлүмү билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысы  суу ташкындарынан, селден, жер титирөөнүн жана жер көчкүлөрдүн кесепетинен калктуу пункттарды жана жашоону камсыз кылуучу обьектилерди  коргоо жана жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюу боюнча атайын  иш чаралардын аткарылышы  тууралуу маалыматты укту.

Кубатбек Боронов  ошондой эле республика боюнча жүргөн селдердин, тактап айтканда   Жалал-Абад облусунун Аксы районунда селдин кесепеттерин жоюу боюнча  жасалып жаткан жумуштар  тууралуу маалымдап, калкка жардам көрсөтүү боюнча иштерге токтолду.

Президент Алмазбек Атамбаев  министрликке өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу иштерин  жакшыртуу жана жаратылыш кырсыктары катталып жаткан жерлерде адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн  өз учурунда чара көрүүгө тиешелүү бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: