Кечээ, 4-февраль күнү “Ата Мекен” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев акыркы учурда Кытайдан чыккан коронавируска байланыштуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге кайрылуу жасап, өкмөт башчынын аталган вируска байланыштуу Кытайга жардам берүү чечимин колдоорун билдирди.
Буга байланыштуу Камчыбек Ташиев өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына төмөндөгүдөй пост калтырган:
Урматтуу Мухамметкалый Дуйшекеевич! Сиздин Кытай мамлекетине коронавирусту жеңүүгө жардам беребиз деп айтканыңызга көптөгөн жарандарыбыз туура эмес пикирлерин билдирип жатышат. Бирок, бул сиздин айткан сунуш эң туура деп эсептеймин, себеби Кытай мамлекети биздин өлкөдө болгон өзгөчө кырдаалдар мезгилинде ар дайым биринчилерден болуп жардам берип келишет, эки мамлекеттин министрликтеринин ортосунда келишим да түзүлгөн, ошондуктан мүмкүнчүлүккө жараша коңшу мамлекетте түзүлгөн өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча тез аранын ичинде жардам колубузду сунушубуз керек.
Эскерте кетсек, Кытайда коронавируска чалдыгып, каза болгондордун саны көбөйүүдө. Акыркы маалыматка таянсак, алардын саны 492ге жеткен.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ