Menu

Кыргызгидрометтен шашылыш билдирүү: 20-марттан 23-мартка чейин аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт!

Бөлүшүү:

Шашылыш билдирүү: 2018-жылдын 20-мартынан 22-мартына чейин аба ырайынын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-137 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) жана 355-370 чакырымдарында (Көк-Бел ашуусу), Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун 68-99 чакырымдарында, Красная Горка – Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4 чакырымдарында, Бишкек-Нарын-Торугарт автоунаа жолунун 289-чакырымында (Чоң-Көчкү), Казарман-Актал-Чат автоунаа жолунун 67-94 чакырымдарында (Кара-Көө ашуусу), ошондой эле Ийри – Суу участкасынын 42-44 чакырымдарында, Арал-Суусамыр автоунаа жолунун 8-21 чакырымдарында, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 45-90, 145-150 чакырымдарында жана Каракол-Эңилчек авто унаа жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 45-92 чакырымдарында кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдордун айрым жерлери тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

21-23-мартта Бишкек шаарында күтүлгөн аба-ырайы

21-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 3-8 м/с. 22-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. 23-мартта нөшөрлүү жаан жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 22-мартта күндүз жана 23-мартта 14 метрге жетиши күтүлөт.

21-23-мартта Ош шаарында күтүлгөн аба-ырайы

21-22 мартта жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 3-8 м/с. 23-мартта мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

Кыргыз Республикасы боюнча күтүлгөн аба-ырайынын болжолу

21-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 3-8 м/с.

22-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. 23-мартта Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондордо кар жаап, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын кээ бир райондордо күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 22-мартта күндүз жана 23-мартта кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: