Menu

Мага демектен “Таня революционерка” болсо да…

Бөлүшүү:

Кезинде Кыргызстандын гимни ойноп жатканда ордунан турбай койгон, кыргыздын асыл баш кийими болгон калпакты мазактап, бир кезде Кумтөр маселеси боюнча митингге чыккан баатыр энелерди шылдыңдап, анысы аз келгенсип өткөндө дин маселесине чейин кирип барып, жума намазга да шек келтирген пикирин да тартынбай айтты. Анын ушундай жоруктарынан улам, айрыкча акыркы айткандары боюнча мусулман жамааты нааразы болуп кадимки эле Азимбек Бекнпзаровдун уулу Руслан Бекназаров ашепке татыраңдаган И. Карамушкинаны мандатынан ажыратуу үчүн кол топтоп кирген. Аны уккан И. Карамушкина өткөндө парламенттин бийик трибунасын пайдаланып, “мен өз милдетимди аткарып жатам… я требую расследования… ” деп далилдүү да, далилсиз да сөздөрү менен Р. Бекназаровду аз эле жерден өтө коркунучтуу кылмышкерге теңеп сала жаздады. Бирок ошого карабастан учурда И. Карамушкинаны мандатынан ажыратуу үчүн Р. Бекназаров кол топтоосун улантууда. Учурда ал Ош, Баткен, Жалал Абад аймактарында иш алып барууда. Анан калса чын эле Ирина ашепке чакчараңдай бербей маа демектен “ Таня революценерка” болсо да арыдан бери болуп, ириде өзүнүн сөздөрүн ирээтке келтирип алып сүйлөсө дээр элек. Болбосо, анын ар учурда аңдабай сүйлөгөн сөздөрү чындап эле көпчүлүктүн кыжырына тийип КСДП эле эмес, А. Атамбаевдин адресине да көлөкө түшүрүп жатат.

 

Булак: “Ачык саясат”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 − 33 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: