Menu

Сотторго туруктуу “кардар” табылды. Ал – “ата-мекенчилер”

Бөлүшүү:

Учурда “Ата Мекен” партиясынын төрт “чоңунун” үстүнөн сот процесси жүрө баштады. Бир гана Аида Салянова өз ишин Ленин районуна котортуп кеткен, калган үчөө Ө.Текебаев, Д.Чотонов, А.Шыкмаматов – “атактуу” Биринчи май райондук сотуна катташат.

Буга чейин “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун адвокаттары жогорку инстанцияга кайрылышып, ишти Свердлов райондук сотунда кароосун өтүнүшкөн. Анткени, Шыкмаматов шектелип аткан кылмыш жасалган жай Свердлов районуна карагандыктан, процесс да ушул райондук сотто болсо ыңгайлуу болоорун адвокаттар белгилешкен. Анткен менен адвокаттардын доо-арызын Жогорку сот четке каккан. Алмамбет Шыкмаматов “мерседес-гейт” катары коомчулукка кеңири тараган иш боюнча айыпталууда. Ага “кызматтык абалынан пайдалануу” жана “коррупция” беренелери боюнча айып тагылган.

Ал эми Текебаев менен Чотоновдун соту баштала элек жатып “белгисиз мөөнөткө” жылдырылды. Муну айрым билермандар акыркы кезде өз алдынча талапкер чыгара албай кыйналып аткан бийлик ээлери менен Ө.Текебаевдин ортосундагы кызыган соодалашууга байланыштырып жатышат. Бирок, Текебаев бийликтин момпосуйуна алданып, керт башынын эркиндиги үчүн бийлик менен кайрадан кол алышып чыга калары утопияга эле окшошуп турат. Же 6 жыл чогуу болушуп, “осурактары” сиңишип калган тандемдештер жарашып, коомчулукка “сюрприз” жасашабы?

Булак: “Майдан”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: