Menu

Чыныбай Турсунбеков эл душманыбы?

Бөлүшүү:

Биз кайсы өлкөдө жашап жатканыбыз түшүнүксүз. Кээ бир кишилер кантип жогорку кызматтарга жеткени ого бетер таңгалычтуу.

Азыркы парламенттин спикери Чыныбай Турсунбеков ачык эле өзүнун ун бизнесине лобби жасайт, а депутаттар ичинен «күңк-мүңк» этишкени менен иш жүзүндө ага каршылык кыла алышпады. Конституцияга ылайык, спикерди кызматынан кетириш үчүн депутаттардын үчтөн экисинин добушу талап кылынат. Анда маселе эмнеде?
Буга чейин Чыныбай Турсунбеков менен Бакыт Төрөбаев биримдикте болуп, Кыргызстанга ташылып келчү унга салыкты алып салуу боюнча мыйзамды өткөрүшкөн. «Ушинтсек эле ун менен нанга болгон баалар арзандап кетет» дешкен. Иш жүзүндө кандай болду? Ун менен нанга болгон баалар кымбаттап, «тегирменчилер» менен нан жасап саткандар гана пайдага туйтунушту. Депутаттар ушинтип элдин, мамлекеттик бюджеттин эсебинен бизнес жасап жатышат. Өкмөт бюджет жыл сайын 500 млн. сомдон зыян тартып жатканын эсептеп чыгып, Кыргызстанга ташылып келип жаткан ун менен данга кайрадан салык киргизүүнү сунуштады. Бирок, жарым жылдан бери депутаттар аны күн тартибине киргизе албай жатышат. Эмне себептен? Себеби, Жогорку Кеңештин спикери болуп иштеген республиканын башкы «тегирменчиси» буга каршы. Эмне, аны мамлекеттин бюджети, элдин турмушу кызыктырбайбы? Өзүнүн бизнеси гүлдөп-өнүксө эле болдубу? Кызык, Атамбаев аныгында Турсунбековдун кантип байып жатканын билет болду бекен? Депутаттар каникулга кеткенге чейин 500 млн. сомду бюджетке кайтарыша алабы? Же бай депутаттар бири-биринин көзүн чукушпайбы?..

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 + = 14

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: