Menu

Алмазбек Атамбаев өлкөдө миссиясы аяктагандыгына байланыштуу ПРООНдун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Александр Аванесовду кабыл алып, “Даңк” медалы менен сыйлады

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев   бүгүн, 15-июнда өлкөдө миссиясы аяктагандыгына байланыштуу ПРООНдун  Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Александр Аванесовду кабыл алып, Кыргыз Республикасы менен Бириккен Улуттар Уюмунун ортосундагы  кызматташууну чыңдоого кошкон олуттуу салымы үчүн “Даңк” медалы  менен сыйлады. Бул туурасында Президенттик Аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысы   Александр Аванесовго Кыргызстандагы жемиштүү иши үчүн ыраазычылык билдирип, өлкөнүн БУУ менен кызматташууну чыңдоого кошкон жеке салымын жана  өлкөдө маанилүү реформаларды  жана  кайра түзүүлөрдү жүргүзгөн мезгилде  көрсөткөн жардамын баса белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев менен ПРООНдун туруктуу өкүлү  Александр Аванесов  Кыргызстандын түйүндүү тармактарындагы  жүргүзүлүп жаткан реформаларды, анын ичинде коррупцияга каршы күрөштү, сот, шайлоо жана укук коргоо системаларындагы реформалардын жүрүшү, өлкөнүн жарандык секторун мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Ошондой эле  БУУнун Баш катчысы Антониу Гутеррештин жакында Кыргызстанга жасаган сапарынын жыйынтыктары  талкууланды.

Жогорку сыйлык үчүн ыраазычылык билдирип, Александр Аванесов  ПРООНдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү  өз ишинде  ар дайым өлкөнүн  Президентинин жеке  колдоосун сезип тургандыгын белгиледи. “Биз көп иштерди аткардык, айрыкча  тынч турмушту камсыз кылуу жагынан бир топ иштерди жасай алдык”, – деп баса белгиледи ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 24 − 23 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: