Menu

Сооронбай Жээнбеков Чүй облусундагы бир катар билим берүү объектилеринин абалы жана курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-июнда, Чүй облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында облустагы бир катар билим берүү объектилеринин абалы жана курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул туурасында Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Өкмөт башчы балдар жана өспүрүмдөр үчүн спорт мектебинин абалы, Беловодск айылындагы Биринчимай орто мектебинин, Ак-Башат айылындагы С.Усубалиев атындагы орто мектебинин курулушу жана Чүй облусунун Москва районуна караштуу Бала-Айылчы айылындагы А.Жапаров атындагы орто мектептин курулушун көрдү.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура курулуш турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев маалымдагандай, Беловодск айылындагы спорт мектеп 1971-жылы курулган. Акыркы 15 жылдан бери капиталдык оңдоодон өткөн эмес. Мектепти оңдоого 15 млн сом керектелет. Учурда аталган спорт мектепте спорттун 12 түрү боюнча 768 бала тарбияланат.

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков спорт мектепти республикалык бюджеттин эсебинен бүткөрүлө турган билим берүү объектилеринин тизмесине киргизүүнү тапшырды.

Беловодск айылынганы Биринчимай орто мектебинин курулушу менен таанышуу маалында Премьер-министрге маалымдагандай, курулуш иштери республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлүүдө. Бул максатты ишке ашырууга 150 млн сом каралган. Долбоор боюнча 750 балага ылайыкталган, спорт залы менен 3 кабаттуу мектептин имараты тургузулат. Каржылоо жагынан эч кандай маселе жок.

Бактыбек Абдиевдин маалыматында Москва районуна караштуу Бала-Айылчы айылындагы А.Жапаров атындагы орто мектеп өткөн кылымдын 60-70-жылдары курулган. Мектеп авариялык абалда турат. Эски мектеп турган жерге жаңы мектептин имаратын куруу 2014-жылы башталган. Учурда каржы маселеси жок болгондуктан курулуш иштери токтоп калган. Долбоордун алкагында 150 балага ылайыкталган эки кабаттуу мектептин имаратын куруу каралган.

Өкмөт башчы жергиликтүү тургундар менен жолукканда аталган объект боюнча бардык тиешелүү маселелер чечилерине ишендирди.

Мындан сырткары  Сооронбай Жээнбеков Москва районунун Ак-Башат айылындагы С.Усубалиев атындагы орто мектептин курулушун да көрдү. Премьер-министр билим берүү мекемелерин курууда ата мекндик курулуш материалдарын жана электр энергиясын үнөмдөөчү технологияны пайдалануу керектигин баса белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: