Ташкенттеги медициналык колледждин мугалимдери шашылыш жыйынга чакырылып, аларга окуу жай жабылып калышы мүмкүндүгү кабарланды. Колледждеги текшерүүлөр 18 жаштагы студент Жасур Ибрагимовдун өлүмүнөн кийин башталган. Андагы студенттердин башка окуу жайларга бөлүштүрүлө тургандыгы кабарланууда.
Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, жакында болгон жыйындардын биринде президент Мирзиёев аталган окуу жайды жабууну тапшырган.
Ташкенттеги П.Ф. Боровский атындагы медициналык колледждин 18 жаштагы студенти Жасур Ибрагимов курдаштары тарабынан ушул жылдын 3-майында сабалган.
Окуядан кийин ага беш жолу операция жасалганы менен Жасур 1-июнда ооруканада каза болгон.
Ташкент шаардык ИИБси студенттин өлүмүнө күнөөлүү адамдарды табууну убадалап, тергөө иштерин баштаган. Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча бул иш боюнча бир нече киши кармалды.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ