Menu

Жарык дүйнө менен кош айтышып баратып кемпир кимди каргады?

Бөлүшүү:

Урматтуу мекендештер! Мен бир кызык окуяны угуп, төбө чачым тик турду. Ошол окуяны сиздер менен бөлүшүүнү туура таптым.

Таанышым ооруп жаткан кудагыйынын ал-акыбалын сураганы барып калат. Жашы 93тө экен. Ден-соолугун сурап отуруп калдык. Анан бир маалда эле кудагый апа: “бекер кылышты, бекер кылышты, – деп күңгүрөнүп сүйлөп калды дейт. – Аны камаштын кереги жок болчу. Атаңа наалат, бекер камашты…”

“Кудагый, кимди айтып жатасыз,” – деп жеңем сурап калбаспы.

“Кимди айтмак элем, жанагы Ө.Текебаевди айтып жатам. Бекер эле камашты,- дейт кудагый апа кайталап. – Бул адам элди ойлогон адам. Мындай адам чанда бир келет заманга. Ажобуз айныды. Бекер камады, Мунун арты жакшы болбойт…”

Байбиче ошентип сүйлөп жатып, бир топко унчукпай калды дейт. Биз “карыган адам чарчаса керек” деп, турганы жатканыбызда кичүү келин ага суу бермекчи болуп, бир аз желеп, башын көтөрсө, кудагый апа жарыктык менен кош айтышып кете берген экен.

“Отургандар ызы-чуу эле түшүп калды, – дейт таанышым. – Таң калдык, эмне үчүн Текебаевди айтып кетти?”-деп.

Таанышымдын сөзүнө мен да таң калдым. Тообо, жан берип жатып, кемпирдин күңгүрөнгөндүгүн эмне деп жоорусак болот?..

Марлен АСАНОВ

Булак: “Алиби”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 + = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: