Menu

Депутаттар тобу Өзгөн районундагы табигый кырсыктан улам журт которгон тургундар менен жолугушту

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин мүчөлөрү жер көчкү коркунучунан улам жер которгон Өзгөн районунун тургундары менен жолугушуп,  жаӊы конуштагы маселелер менен жеринен таанышышты. Бул туурасында Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирет.

Белгилүү болгондой, ушул тапта 119 үй-бүлө Жаман-Адыр аймагына көчүрүлүп, чатырларга жайгаштырылган. Аларга сугат суусу берилген менен таза сууну алыстан ташып келишет. Буга кошумча, электр чубалгылары тартылган менен жарык да толук бериле элек. Ошондой эле, жаӊы конуш тургундары жол маселесин да тезирээк чечип берүүнү өтүнүшүүдө.

Кошумчалай кетсек, Жаман-Адырга жакынкы аралыкта Жалпак-Таш, Зергер, Кызыл-Октябрь, Ак-Жар, Көлдүк айылдарынан дагы 820 үй-бүлө көчүрүлүп келмекчи. Ал эми депутаттар жер көчкү коркунучу бар аймактардагы айылдар коопсуз жайларга көчүрүлүшү керектигин белгилешип, муну тез арада ишке ашыруу зарылчылыгына токтолушту. Алсак, депутат Улугбек Ормонов табигый кырсыктан жабыркагандарга жардам көрсөтүү боюнча Жогорку Кеӊеште атайын токтом кабыл алынганын маалымдап: “Анын аткарылышын парламент өзү көзөмөлдөйт”, – деди.

Ошондой эле жолугушууда жергиликтүү эл эки айдан бери талаа шартында жашап жатышкандыктан, там салып алуу үчүн элден жардам катары чогулган 25 млн сомду тез арада бөлүп берүүнү суранышты. Өкмөт өкүлдөрү каражаттарды бөлүштүрүп берүү маселеси Өкмөттө каралып жатканын маалымдашып, мектеп жана ФАП үчүн 200 млн. сом да чегерилгенин, жакынкы аралыкта куруу иштери башталарын кошумчалашты. Ал эми унаа жана жолдор министри Жамшитбек Калилов Өзгөн районунда жолдорду калыбына келтирүү жаатындагы иштер кызуу жүрүп жатканын билдирип, Жаман-Адыр жаӊы конушуна кеткен жолдун долбоорлоо иши бүтөрү менен куруу иштери башталарын айтты.

Андан соӊ депутаттар табигый кырсыктан жабыркаган Аюу-Сайлыктар үчүн жер тилкеси бөлүнгөн Төрт-Көл аймагына да барышты. Бирок, таза жана сугат суу маселелери чечилбегендиктен аталган жерге эч ким көчүп барган эмес. Буга кошумча, өздөрүнүн айылына жакын жерден жер тилкесин берүүнү да суранып жатышканы жолугушууда маалым болду. Андан тышкары, жергиликтүү эл жеӊилдетилген насыя берүү маселесин да карап берүүнү депутаттардан өтүнүштү.

Эске салсак, Жогорку Кеӊештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин Өзгөн районундагы көчмө жыйынына комитет мүчөлөрү, депутаттар Марат Аманкулов, Улугбек Ормонов, Нурбек Алимбеков, Эмил Токтошев,  Калдарбек Баймуратов, Алтынбек Жунус уулу, Курманкул Зулушев катышууда. Ошондой эле Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, унаа жана жолдор министри Жамшитбек Калиев баштаган бир катар өкмөт өкүлдөрү да бар.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 26 = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: