Menu

Өзбекстан Ош шаарына салына турган мектептин жаӊы имаратын каржылап эле тим болбостон, анын курулушун толугу менен аягына чейин чыгарат

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы Ош шаарында мектеп куруу тууралуу түзүлгөн келишим жөнүндөгү ратификациялык мыйзам долбоорун дароо эле үч окууда жактырды. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы маалымдайт.

Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы Калысбек Шадыкановдун айтымында, Өзбекстан мектептин жаңы салына турган имаратына каражат эле бөлүп бербестен, анын куруу жумушун да толугу менен өз мойнуна алат. Өзбек тарап өзүнүн курулуш материалдарынан тарта курулуш техникаларына чейин колдонушат. Жаңы мектептин имараты кыйроо абалында турган Алишер Навои атындагы мектептин ордуна салынмакчы.

Андан сырткары, жаӊы мектеп имараты 630 орунга эсептелип, кыргыз тилинде билим берери, анын курулушу ушул быйылкы жыл ичинде толугу менен аяктай турганы белгилүү болду.

Белгилей кетек, Жогорку Кеӊештин Регламентине ылайык, мыйзам долбоорун дароо эки же үч окууда жактыруу үчүн баардык парламенттик фракциялардын макулдугу алынышы керек.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: