Жогорку Кеңеш жол куруу жана оңдоо иштеринен кийинки кепилдик мөөнөтүн узартуу демилгесин киргизүүдө. Эми жол салган компаниялар курулган жолду колдонууга бергенден кийин беш жылга кепилдик бериш керек. Сапат бул талапка жооп бербесе, ошол жол салган фирма жоопкерчилик тартат. Бузулган жолду өз эсебинен оңдоп, кылмыш жоопкерчилигине дагы тартылышы мүмкүн. Жол курган ишканалар учурда Кыргызстанда сапаты үчүн эки жылдык кепилдик берип келет.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ