Menu

Видео – Эркин Асрандиев: “Кыргызстандын нефтетрейдерлери бүгүндөн баштап бензиндин баасын арзандатыша баштайт”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 29-апрелде вице-премьер Эркин Асрандиев өкмөттүк онлайн-брифингде өлкөнүн экономикалык абалы тууралуу маалымат берип, журналисттердин айрым суроолоруна жооп берди.

Брифингдин жүрүшүндө, ал мунайга болгон дүйнөлүк баалардын түшүүсүн эске алуу менен, Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу материалдардын баасын төмөндөтүү тууралуу суроого жооп берди.

“Дүйнөлүк баанын төмөндөшү рублдин нарксызданышына таасирин тийгизди. Биз Россия менен тыгыз экономикалык мамиледе болгондуктан, бул өз кезегинде сомдун долларга карата наркынын төмөндөшүнө таасирин тийгизди” – деп билдирди Эркин Асрандиев суроого жооп берип жатып.

“Башка жагынан дүйнөлүк баанын төмөндөшү күйүүчү-майлоочу материалдардын чекене баасынын төмөндөшүнө таасирин тийгизет. Январь айынан баштап апрель айына чейин дизелдик отун, АИ-92 бензини 5-6% төмөндөгөн. Албетте, мунайга болгон баанын төмөндөшү кыйла олуттуу. Биз фондулук биржалардагы мунай заттарына болгон бааларды көзөмөлдөп жатабыз. Буга байланыштуу, 3 күн мурун тиешелүү мамлекеттик органдар менен жолугушуу өткөргөнбүз. Нефтетрейдерлер менен дагы жолугушуулар болуп өттү. Алар нефтинин баасын арзандатууга даяр экендиги тууралуу мага маалымат алдым. Кыргызстандын нефтетрейдерлери бүгүндөн баштап бензиндин баасын арзандатыша баштайт. Алар жакы арада бул тууралуу ММКга маалымат беришет” – деп билдирди Эркин Асрандиев.

“Бирок күйүүчү-майлоочу материалдардын чекене бааларынын сом менен төмөндөшү доллардагы баанын төмөндөшүнө пропорционалдуу болбой тургандыгын туура түшүнүү керек, анткени ортодо сомго карата доллардын алмашуу курсу бар” – деп кошумчалады вице-премьер-министр.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: