Menu

Жалал-Абадда турак-жайларды мамлекеттик камсыздандырууга арналган  жыйын өттү

Бөлүшүү:

Бүгүн, 20-июнда Жалал-Абадда турак-жайларды мамлекеттик камсыздандырууга арналган жыйын болуп өттү. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады.

Жыйынга “Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” ААКсынын төрайымынын орун басары Каныбек Алиязов, аталган уюмдун Жалал-Абад облусундагы филиалынын директору Руслан Мокешов, райондордун акимдери, шаарлардын мэрлери, район-шаарлардагы жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыктарынын жетекчилери катышты. Жыйындын ишин ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Ырысбек Ызабеков алып барды.

—   Жалал-Абад облусунда  188 151 турак-жайлар катталган болсо, бүгүнкү күнгө карата 2621 турак-жайлар мамлекеттик камсыздандыруудан өткөрүлдү. Майыптар менен социалдык коргоого муктаж болушкан 25 адамдын турак-жайлары “Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” ААКсы тарабынан акысыз камсыздандырылып берилди. Калк арасында турак-жайларды мамлекеттик камсыздандыруу боюнча 150дөн ашуун жыйындар өткөрүлүп, ага 6700дөн ашуун атуулдар катышты. Жалпы жонунан Жалал-Абад облусунда “Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” ААКсы тарабынан бүгүнкү күнгө карата 4 тургунга турак-жайларына келтирилген зыяндын ордун толуктап берүүгө 3 млн. 30 миң сом акча каражаты төлөнүп берилди,- деди “Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” ААКсынын Жалал-Абад облусундагы филиалынын директору Руслан Мокешов.

—   2017-жылы Жалал-Абад облусунда 130 ар кандай табигый кырсыктар катталды. Анын кесепетинен 7 адамдын өмүрү кыйылып, жалпы жонунан 82 млн. сомдук зыяндар келтирилди. Ошондуктан калк арасында турак-жайларды мамлекеттик камсыздандырууга тургузуу боюнча туура түшүндүрүү иштерин алып барышыбыз керек. “Кырсык каш-кабактын ортосунда” дегендей ал айттырып келбейт. “Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” ААКсынын жетекчилиги ар бир айыл аймактарында бирден агентти даярдап окутуп, аларга эмгек маяналарын төлөп берели деп жатышат,- деди ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Ырысбек Ызабеков.

Турак-жайларды мамлекеттик камсыздандыруу боюнча берилген бир катар орчундуу суроолорго “Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” ААКсынын төрайымынын орун басары Каныбек Алиязов,  областтык филиалынын директору Руслан Мокешов жооп беришти. Өз кезегинде бул багыттагы иш-аракеттерди жандандыруу боюнча райондордун акимдери, шаарлардын мэрлери жана район-шаарлардын жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыктардын жетекчилери конкреттүү сунуштарын ортого салышты.

Жыйындын ишин  алып барган ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Ырысбек Ызабеков турак-жайларды мамлекеттик камсыздандырууга тургузуу боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү талабын койду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 42 + = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: