Menu

Ош шаарында Элеттик аялдар күнү белгиленди

Бөлүшүү:

Ош шаарында Кыргызстандын бардык региондорунан 100 ашык делегаттарынын катышуусу менен Кыргыз Республикасындагы электтик аялдар күнүнө арналганбешинчи Улуттук конференция өттү.  Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен маалымдашты.

Аталган конференциянын негизги максаты – бул элеттик аялдардын укутарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана алардын өлкөнү өнүктүрүүнүн бардык процесстерине катышуусун камсыздоо.

Статистикага кайрылсак, Кыргызстанда элеттик аялдардын саны 2 млн жакын. Бул республиканын калкынын бардык аялдарынан 65% жакынды түзөт.   Элеттик айымдар чоң киреше бербеген тармактарда эмгектенишет. Аялдар көпчүлүк учурда айыл-чарба өндүрүшүндө, медицинада, билим берүү жаатында, социалдык тейлөөдө, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, байланыш жана башка тармактарда эмгектенүүдө.

“Айымдар күнүмдүк үй тиричилигин аткаруу менен бирге  баланы тарбиялап, акы төлөнүп бербеген коомдук иштерди да аткарып келишет. Азыркы социалдык-экономикалык кыйынчылыктарга карабастан элеттик эмгекчил аялдар айылдын социалдык-экономикалык өнүгүү процессин алдыга жылдыра алган маанилүү күч. Өкмөт элеттик айымдардын абалын жакшыртуу боюнча болгон күч аракетин жумшайт”, – дейт Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайгүл Исакунова.

Эске салсак, министрликтин демилгеси менен эллетик аялдардын кадыр-баркын, өлкөгө кошкон салымын билүү жана ошондой эле экономикалык, социалдык укуктук шарттарын жакшыртууда элеттик аялдардын социалдык статусун жогорулатуу үчүн, жыл сайын 18-июнду Кыргызстанда Элеттик аялдар күнүн белгилөөгө КР Өкмөтүнүн токтому менен бектилген.

Элеттик аялдарга арналган Улуттук конференция мурдагы жылдары Баткенде, Таласта, Нарында жана Чүйдө өткөрүлгөн.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: