Menu

Орусиянын ТНТ телеканалындагы популярдуу берүүнү туурап чыккан шайтан берүү телеэкраныбызга кайтып келет экен

Бөлүшүү:

Буга чейин эсиниздерде болсо, КТРКда “Аалам сырлары” деген аталышта өздөрүн бүбү-бакшы, көзү ачык эсептеген адамдардын таймашы өткөрүлүп, чоң ызы-чуудан кийин жабылган эле. Программанын жетекчилиги катышуучулардын биринин женишин камсыз кылуу максатында ири каражат сураганы жана ага женилдик катары тапшырмалар алдын-ала жандырмагы менен кабарланып турганы айтылган. Орусиянын ТНТ телеканалындагы популярдуу берүүнү туурап чыгуу аракети ошону менен токтогон. Эми, мына ошол жалпы Исламга жат нерселерди даңазалаган шайтан берүү телеэкраныбызга кайтып келүү этабында экен. Теле алып баруучу Назира Айтбекова эми НТС телеканалында бул берүү “Көзү ачыктар таймашы” деп атын өзгөртүп, пайда болорун сүйүнчүлөдү. “Мурун берүүгө КТРК мамлекеттик канал болгондуктан эле каршы чыгышкан. Мен ойлойм, бул сапарда деле каршы чыккандар болот. НТС жеке канал болгондуктан, мындай нерселер каналга көп деле кесепетин тийгизбейт. Анткени, жеке канал кандай берүү чыгарса да өз эрки”,- дейт тележылдыз. Бирок, “жеке менчик телеканал, өз эрки” деп эле көпчүлүк элге жакпаган, табитин бузган шайтан берүулөрдү чыгарса эле булардын рейтинги көтөрүлүп кетмек беле!

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 − = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: