Menu

Жусупжан Жээнбеков, коомдук ишмер: “Сооронбай Жээнбеков лидер эле эмес, иштеген ишинен жарытылуу жыйынтык чыгара албаган адам”

Бөлүшүү:

– Жусупжан агай, Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин КСДП чын ниетинен көрсөтүп жатабы?

– Чынын айтам, менин ал партиядан чыкканыма көп болгон. Ошон үчүн ал жакта кандай саясат орун алганын, Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин ким сунуштаганын чыны менен билбейм.

– Президенттикке талапкер болуп жаткандардын арасында Сооронбай Жээнбеков кандайдыр бир артыкчылыкка ээби?

– Адам адамдан ашык же бири биринен кем болбойт. Маселе алардын программасында, жана элди ынандырганында болот. Эн негизгиси шайлоо таза болсо, эл өзү президенттикке татыктуусун тандап алат. Мурунку президенттик шайлоодо 82 адам талапкер болсо, бу сапар атаандашуу күч болуп, президент болот элем деген дымактуулардан  коёбу деп турам. Кудай буйурса татыктуусу тандап алат деген ойдомун.

-Бирок, Сооронбай Жээнбековду КСДПнын сүрөрү чын болсо, анда административдик ресурс колдонулат деп кооптогондор да бар. Буга не дейсиз?

– Эгерде административдик ресурсту колдонсо анда жыйынтыгы теңирден тескери болуп калышы мүмкүн. Анткени, азыр эл башка. Бул өттү десе эле унчукпай отура бербейт. Болушунча каршылыгын көрсөтөт. Ошон үчүн жогору жактагылар баарын мыйзам чегинде өткөрүп, элдин тынчтыгын бузбаса экен деген тилектемин.

– Бирок, айрымдар КСДПнын ичинде деле азыркы премьер-министрге ичи жылыбагандар бар экенин айтып, жакынкы күндөрү дагы бирөөнү президенттикке жылдырышы мүмкүн дешип жатат го?

– Мүмкүн. Бирок, жогоруда айткандай, ал жакта кандай саясат болуп жатканын билбейм. Эмнеси болсо да, “казанчынын өз эрки, кайдан кулак чыгарса” дегендей, президент кимди чыгарат аны өзү билет. Балким, ажонун назары Сооронбай Жээнбековго түшкөндүр. Ошон үчүн президенттик шайлоого сүрөп жаткандыр.

– Сооронбай Жээнбеков президенттин купулуна толгону менен аны “лидер эмес, лидер боло албаган адам кантип мамлекетти башкармак эле”- деп жаткандар да бар го?

– Сооронбай Жээнбеков лидер эле эмес, иштеген ишинен жарытылуу жыйынтык чыгара албаган адам. Менин жеке пикиримде Сооронбай Жээнбеков эмне деген жогорку кызматтарды аркалабасын бешенеси тердеп, элге кызмат кылган адам эмес. Башкача айтканда, кайсыл тармакты жетектебесин “карайбыз, көрөбүз, чечебиз” деген сөздөн өйдө боло элек.

– КСДП кезек түштүккө келген үчүн Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин сунуштап жатабы же ажонун андан башка ишенээр адамы жокпу?

– Мен президент үчүн жооп бере албайм. Сооронбай Жээнбековго ишендиби, ишенген жокпу, алардын иши. Көпчүлүк менен чечтиби, демек кандайдыр бир максат менен колдоого алышты. Анын талапкерлигин кандай критерийдин негизинде тандады, аны ажо жана КСДПнын политсовети билет.

– Президенттикке ат салышам деп жаткандардын кимиси Кыргызстанды катар келген кризистерден чыгарып, мамлекетибиздин өнүктүрүн, өстүрүп алат?

– Кыргызстанды өнүктүрүп, өстүрө турган адам президенттикке ат салышкан жок десек, анда Кыргызстандын жок болгону ошол болот. Мисалы үчүн мен бармын.

– Сиз да президенттикке ат салышасызбы?

– Ат салышам. “Президент болот элем”- дегендерден эмнем кем экен? Кыргызстандын ички-тышкы саясатын билемин. 29 жашымда жетекчи болгонмун. Коллектив менен иштешти, аларды кантип иштетишти билем. Бир ишкананы эле эмес, килтейген эки облусту жетектегем. Кудай буюрса, мен дагы элдин элегине түшүп, президенттик шайлоого ат салышсамбы деген ниеттемин.

– Азыр элдин маанайы кандай? Жогору жактан эмнени күтүп отурат?

– Акыркы мезгилде эл: “бийлик тынч алмашса экен”- деп жакшылыктан үмүт кылып, жакшы президентти шайлап алсак экен деп отурат. Мен эл арасында жүрөм. Кайра-кайра революция кыла берип, мамлекетибизди аксатпай татыктуусун шайлап алалы деп илгери үмүт менен болочок президентке үмүт артып отурушат.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: