Menu

УКМКнын генералы Болот Сүйүнбаевди Каржы полициясы суракка чакырды, ал Дене тарбия институтун 25 жылда араң бүтүргөн

Бөлүшүү:

Алмаз  Атамбаевдин жан сакчысы, кийин АШАнын мыйзамсыз буйруктарынын негизинде УКМКнын төрагасынын орунбасары кызматына жетип, генерал наамын алган Болот Сүйүнбаев Бишкектеги Дене тарбия институтун 25 жылда араң бүтүргөн. Бул тууралу бүгүн, 16-январда ата мекендик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Болот Сүйүнбаев  Дене тарбия институтуна 1987-жылы тапшырган.  Бирок аны эки жолу ал окуу жайынан чыгарып салышкан.  25 жылдан кийин гана, Атамбаев бийликке келгенден кийин, 2012-жылы Болот Сүйунбаев Дене тарбия академиясынын дипломун окубай туруп, экстерн менен экзамен тапшырып алган. Бул маалыматтарды журналисттерге Дене тарбия институнун ректору Токтобек Иманалиев да тастыктаган.

24.kg маалымат агенттигинин маалыматы боюнча кечээ, 15-январда  УКМКНын төрагасынын экс-орун басары,  генерал Болот Сүйүнбаевди Каржы полициясы суракка чакырган. Аны КР Кылмыш-жаза кодексинин мамлекеттик документтерди жасалмалоо беренеси боюнча шекшип жатышат.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 69 = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: