Menu

Чолпон-Ата шаарынын мэрине кылмыш иши козголду

Бөлүшүү:

Чолпон-Ата шаарынын мэри Карыбек Саралаевге кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлады. Маалыматка ылайык, Ысык-Көл райондук прокуратурасы Чолпон-Ата, Балыкчы шаарларын, Ысык-Көл жана Тоң райондору боюнча экологиялык мыйзамдардын иштебей жатканына байланыштуу текшерүү жүргүзгөн. Анда Чолпон-Ата шаарындагы Бостери айыл өкмөтүндө таштандылар төгүлүүчү жерге мамлекеттик акт түзүлбөгөнү, таштанды талаасына расмий уруксат берилбегени жана таштанды талаасынын айлана-чөйрөгө тийгизген таасирине баа берилбегени аныкталган. Маалыматта айтылгандай, бул 1976-жылдан бери иштеп келе жаткан таштанды талаасын жабуу тууралуу Мамлекеттик экотехинспекция токтом чыгарган. Бирок буга Чолпон-Ата шаар башчылыгы чара көрбөй, таштанды төгүүнү улантып келе берген. Бул кырдаалдан улам Мамлекеттик экотехинспекция Ысык-Көл райондук прокуратурасына кайрылган. Прокуратура иликтөө иштерин жүргүзгөндөн кийин тиешелүү чара көрүү талабы менен ишти райондук ички иштер башкармалыгына багыттаган. Ысык-Көл РИИБи Чолпон-Ата шаарынын мэри Карыбек Саралаевге кылмыш ишин козгогон.

Булак: “ПолитКлиника”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 + = 82

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: